Борбор калаадагы жолдорду тыгындан бошотуу максатында альтернативдүү көчөлөрдү капиталдык оңдоо иштери уланууда.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоо боюнча бардык башталган иштерди жигердүү аяктап жатат.
Республика көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен ЧЧКга чейинки капиталдык ремонту 2024-жылдын титулдук тизмесине киргизилген. Шаардыктарга ыңгайлуу болушу үчүн аталган көчөнү капиталдык оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Жолчулар Жибек-Жолу проспектисинен Березовая көчөсүнө чейинки жерди асфальтташты. Учурда Березовая көчөсүнөн баштап аллеяга чейин асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери улантылууда.
Белгилей кетсек, буга чейин адистер ирригациялык системаны, бордюрларды орнотуп, жолдун негизин даярдашкан.
2025-жылда аба ырайы туруктуу болгон учурдан тартып Республика көчөсүнүн капиталдык ремонту аллеядан ЧЧКга чейин улантылат.