2024-жылдын 26-ноябрынан 27-ноябрына караган түнү Токтоналиев  жана Сухомлинов  көчөлөрүнүн кесилишинде 1979-жылы тартылган диаметри 133 мм болгон түтүкчө жарылган. «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын бригадасы кырсыкты тез арада аныктап, саат 05:00дө келтирилген зыянды калыбына келтиришти.

Бүгүнкү күндө жылуулук тармактарынын эскириши 80%ке жетет. Туруктуу жылуулук менен камсыз кылуу үчүн жыл сайын 20 чакырымга жакын тармактарды алмаштыруу зарыл, бирок ишкананын техникалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү жылына 3-4 чакырымды гана жаңылоого мүмкүндүк берет.

Жылуулук тармактарын оңдоо иштери жыл бою жүргүзүлөт. Негизги алмаштыруу жай мезгилинде гидротехникалык сыноолордон кийин ишке ашат, бирок жылытуу зонасында оңдоо иштери да активдүү жүрүп жатат.

Учурдагы кырдаал олуттуу каржыны жана эмгекти, ошондой эле коммуналдык тармактарды комплекстүү жаңылоо үчүн узак убакытты талап кылат.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги жылуулук тармактарынын абалын тыкыр анализдөөдө. Бул талдоонун негизинде 2025-жылга жана андан кийинки мезгилдерге бюджеттик артыкчылыктар түзүлөт, анын ичинде инженердик коммуникацияларды реконструкциялоо жана оңдоо иштеринен кийин жол жабдыктарын жаңылоо пландары түзүлөт.