ААРдин алкагында Бишкектин Свердлов районунун курамына кирген “Восток” айылы жарыктандырылды.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын адистери жарыктандыруу иштерин бүтүрүштү. Буга чейин айылдын көчөлөрүндө электр жарыгы болгон эмес.

Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакуновдун жана ишкананын жетекчилигинин катышуусунда чырактарды салтанаттуу жандыруу өттү.

Долбоордун алкагында 450дөн ашык заманбап чырактар орнотулуп, системанын ишенимдүү иштеши үчүн адистер узундугу 11 миң метрден ашык чубалгы  (өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым) тартышты.

Азыр айылдын көчөлөрү жарык. Жаңы чырактар жарыктын булагы гана болбостон, жакшы жакка өзгөрүүнүн символу болуп калды.  Бул иштер район тургундарынын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жасалууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы жума сайын жок дегенде бир көчөнү жарыктандырууну пландоодо.