Борбор калаанын мэриясында мурдагы Ак-Кула ипподромунун аймагын өткөрүп берүү боюнча «РЦА Ливинг» ЖЧКсы менен келишимге жана макулдашууга кол коюу аземи өттү.
2024-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарынын мэриясына «ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компанияларынан Ак-Кула ипподромунун мүлк комплексин сатып алуу сунушу келип түшкөн.
«ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компаниялары «РЦА Ливинг» ЖЧКсы туунду компаниясы түзүлдү.
Келишимге ылайык, жер тилкесин 49 (кырк тогуз) жылга ПАЙДАЛАНУУ үчүн шаардык бюджетке 5,8 млрд сом өлчөмүндө төлөм каралган. Ошондой эле 3,5 миллиард сом суммасында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү менен социалдык объекттерди (үч жалпы билим берүү мекемелери; үч мектепке чейинки билим берүү мекемелери; парк зоналары; муниципалдык жолдор жана тротуарлар, жогоруда аталган объекттерге инженердик тармактар) куруу каралган.
Мындан тышкары, инвестор Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгууга каражат бөлүүдө. Натыйжада шаардык муниципалитетке 10 миллиард сомго чейин киреше түшөт.
Эски ипподромдун ордунда заманбап турак жайларды, бизнес борборлорду, коомдук имараттарды, ошондой эле социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда.
Инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 87 миллиард сомду түзөт.