"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 7-кичирайондо 48/2 үйдөн 49/6 үйгө чейин асфальтбетон аралашмасын төшөөнү улантууда.
Учурда жолдун жүрүүчү бөлүгүнө ысык асфальт төшөө иштери уланууда.
Буга чейин эски асфальтты сыйруу жана демонтаждоо иштери аяктап, ирригация системасы орнотулган.
Эскерте кетсек, 2024-жылга карата шаардык жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге ылайык иштер башталган.