Биринчи май районунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, эмгекке тартылган балдарды аныктоо, ошондой эле түн ичинде ата-энелеринин коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында рейд өткөрүлдү.
Рейддик иш-чарага Биринчи май районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Р.А.Султанмуратова, РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, №16 МАБдын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Рейд «Калыс-Ордо», «Мурас-Ордо» «Пригород» конуштарында, «Кудайберген», «Сары-Өзөн», «Азиз» базарларында жана шаардын борбордук бөлүгүндө эки этапта өткөрүлдү.
«Калыс-Ордо», «Мурас-Ордо» «Пригород» конушундагы түнкү рейддин натыйжасында түн ичинде ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосу жок жашы жете элек 64 бала аныкталган, 2 жашы жете элек бала кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жеткирилди.
Мындай мыйзам бузууларга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек балдар мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Бардык аныкталган жашы жете элек өспүрүмдөргө протоколдор түзүлдү жана тийиштүү каттар алардын жашаган жери боюнча андан ары профилактикалык иштерди жүргүзүү жана социалдык жактан колдоо үчүн тиешелүү социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жиберилет.