Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы боюнча Муниципалдык инспекция Аламедин базарын иретке келтирүү иштерин баштады.

Муниципалдык инспекциянын жетекчиси Медербек Амангелдиев базардын директору менен биргеликте базардын аймагын кыдырып чыкты. Анын жүрүшүндө бир нече тартип бузуулар аныкталды, аларды жоюу зарыл:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө техникаларынын өтүүсүн камсыздоо үчүн базар өтмөктөрүн мыйзамсыз соодадан бошотуу;  
- Эстетикалык көрүнүштү бузган дарактарга орнотулган эсептегичтерди жана башка буюмдарды алып салуу;  
- Жол тыгындарын болтурбоо жана транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу үчүн жеткирүүчүлөргө жүктөрдү түшүрүү шарттарын түзүү;  
- Чарба  субъекттерге арыктарды таштандыдан тазалоо, жакынкы аймактардын тазалыгын сактоону милдеттендирүү;  
- Жөө адамдардын кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү үчүн тротуарлардан сырткы жарнамаларды жана товарларды алып салуу.

Башаламан соода жүргүзгөн соодагерлерге мыйзамсыз ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу эскертүүлөр берилди. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулса, инспекция тарабынан “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлөт.

Белгилей кетсек, Муниципалдык инспекция Аламедин жана Орто-Сай базарларында нөөмөттө турат.

Рейддер Бишкек шаарынын бардык базарларын жана соода объектилерин камтыйт.