Бүгүн, 2024-жылдын 26-ноябрында Биринчи май районунун акимиатынын кызматкерлери аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” эл аралык акциясынын алкагында кызгылт сары флешмоб уюштурушту.
Акция шаардын көчөлөрүндө өткөрүлүп, И.В. Панфилов атындагы паркта акимчиликтин кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер кызгылт сары шарларды, мандариндерди жана зордук-зомбулук маселелери боюнча чалуулар үчүн ишеним телефондору жазылган маалымат буклеттерин таратты.
Кампаниянын негизги максаты-үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка карата коомдун сабырсыздыгын күчөтүү, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу чаралары аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу жана билим берүү.
Бул акциянын алкагында Биринчи май районунун билим берүү мекемелеринде тематикалык сабактар, тегерек столдор өткөрүлөт.