Бүгүн, 2024-жылдын 26-ноябрында, «Диалог» маданият үйүндө «Насыйкат» элдик ансамблдин 10 жылдык мааракесине арналган «Баба мурасы» аттуу этноспектакль өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу тууралуу Жарлыгынын алкагында уюштурулду.
Ансамблдин чыгармачыл жамааты ата-бабалардын бай маданий мурасын улуттук мотивдерге жана кыргыз маданиятынын терең символдоруна бай музыкалык жана театрлаштырылган көрсөтүү аркылуу аткарып беришти.
Иш-чаранын жыйынтыгында куттуктоо сөзү менен Маданият башкармалыгынын орун басары Абсамат Акунов чыгып сүйлөдү. Ал «Насыйкат» ансамблинин улуттук салттарды сактоого жана жайылтууга кошкон салымын баса белгилеп, көп жылдык эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, ансамблга Ардак грамота тапшырды.
Акыркы 10 жылдын ичинде «Насыйкат» ансамбли шаардын маданий турмушунун маанилүү бөлүгү болуп, элдик чыгармачылыкты сүйүүчүлөрдү бириктирип, жаңы муундарды Кыргызстандын маданий мурастарын таанууга шыктандырды.