Бишкек шаарында жыл сайын гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк эл аралык акция өтүүдө.
Иш-чара 2024-жылдын 25-ноябрында Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин уланат.
Жыл сайын UNITE кампаниясы белгилүү бир темага багытталган. Бул жылы ал "Пекин Декларациясынын жана Иш-аракеттер Платформасынын 30 жылдыгы: Аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн биригиңиз" темасына арналды.
Кампания кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде КР өкмөтүн, жарандык коомду, эл аралык жана финансылык уюмдарды, жеке секторду, искусство ишмерлерин, спортту, ЖМК өкүлдөрүн жана башка чөйрөлөрдү бириктирет.
Бул биргелешкен аракеттер аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча чараларды активдүү илгерилетүү жана ишке ашырууга багытталган.
Маалыматтык кампаниянын алкагында гендердик зомбулукка каршы активдүүлүктүн 16 күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин окуучулары, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар үчүн борборлордун тарбиялануучулары үчүн семинарларды өткөрүү, "Жакшылык миссиясы" эл аралык программасынын алкагында социалдык өнүктүрүү кызматынын кызматкерлерин окутуу пландаштырылган.