ААРдин алкагында тышкы жарыктандырууну модернизациялоонун биринчи этабы жыйынтыкталып, Свердлов районунун көчөлөрү жарыктандырылды.
Кыргыз көчөсүндө Саадаев көчөсүнөн айланма жолго чейин тышкы жарыктандыруу орнотулду. Иш-чарага Свердлов районунун башчысынын орун басары Рустам Касымбеков, “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты.
Жарыктандыруучулар 4300 метр кабель тартып, 119 светодиоддук чырак орнотушту.
Мындан тышкары, Курманалиев көчөсү дагы жарыктандырылып, 28 жаңы чырак орнотулду. Бул иштер район тургундарынын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жасалууда.
Аталган долбоордун алкагында “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы бир жумада 1 көчөнү жарыктандырууну пландоодо.