Бүгүн, 2024-жылдын 26-ноябрында алдын ала маалыматтар боюнча, Барпы Алыкулов жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан "Мерседес Бенц" жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен кагылышкан.
8 адам жабыркап, алардын 5и автобустун жүргүнчүлөрү, 3 жүргүнчү жеңил унаада болгон. Алар ооруканага жеткирилди.
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчилиги жол кырсыгынан жабыркагандарга барды.
Бул фактынын негизинде бардык экспертизалар дайындалып, унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Республикалык психиатрия жана наркология борборунда канында алкоголдун бар-жогу текшерилгенде "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу спирт ичимдиктерин ичкени аныкталган.