"Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда "Аяр"ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борбордун негизделгендигинин 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара  өттү.

Майрамга борбордун кызмат көрсөтүүлөрүн алуучулар, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин жетекчилиги, КР социалдык кызматкерлер ассоциациясынын президенти, Росскызматташтыктын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеңешчилери, ошондой эле көптөгөн чакырылган коноктор катышты.

Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Исмаилова борбордун жамаатын жана кызмат алуучуларды  мааракеси менен куттуктап, Бишкек шаарынын мэриясынын атынан "Аяр" борборунун майыптарга комплекстүү кызмат көрсөтүүдөгү маанилүүлүгүн белгилеп, Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды. Мындан тышкары, Департаменттин атынан эки камералуу муздаткыч белекке берилди.

Маалымдама: "Аяр" борбору Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен 1999-жылы ачылган. Борбордун кызмат алуучуларына күн сайын бир жолку ысык тамак, дары-дармектер, майда моториканы өнүктүрүү, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, тигүү, жыгач устачылык боюнча кызматтар, эмгек терапиясы көндүмдөрүнө окутуу жана логопедиялык кызматтар көрсөтүлөт.