Ленин акимиаты райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын жана РИИБ жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында, түнкү убакта ата-энелеринин коштоосуз жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча жума сайын рейд өткөрөт.
Парктар, компьютердик клубдар жана башка коомдук жайлар текшерилип, жыйынтыгында 1 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Өспүрүмдүн ата-энеси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эскертке кетсек, 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө түнкү убакта ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз коомдук жайларда жүрүүгө тыюу салынат. Бул жай мезгилинде (1-июндан 31-августка чейин) саат 23:00дөн таңкы 6:00 гө чейин, ал эми калган мезгилдерде 22:00дөн 06:00 таңкы чейин.