“Үмүт үйү” улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн социалдык стационардык мекемесинде “Алтын күз” майрамдык иш-чарасы өткөрүлдү.
Борбордун кызматкерлеринин жана тургундарынын катышуусунда майрамдык конкурс уюштурулду. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана коноктор катышышты.
Конкурска өзгөчө шыктануу менен апалар катышты. Бардык катышуучулар сунушталган тапшырмаларды активдүү аткарып, татыктуу сыйлыкка ээ болушту.
Командалар «Алтын күз» темасында көркөм оюн-зоок, викторина жана салаттарды тартуулашты.
Маалымат үчүн: «Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинде бүгүнкү күндө 206 адам жашайт, мекеменин бардык жашоочуларына социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлөт.
Алар кийим-кече, бут кийим жана биринчи керектүү буюмдар менен толук камсыз кылынган.