Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, муниципалдык инспекция турак жайларды, мончо жана сауналарды текшерүүнү улантууда. Бул текшерүүлөр абанын сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган.

Муниципалдык инспекция жеке мончо жана сауналардын ээлеринин ишмердүүлүгүн белгиленген экологиялык нормаларга шайкештигин баалайт. Меш жабдууларын, жагууга колдонгон нерселердин сапаты жана фильтрдин бар жогун текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Жеке секторлордун короолорунда таштанды жана жалбырактарды өрттөө фактылары аныкталууда. Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 22 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Катуу отун (көмүр) жана отун жагууга уруксат берилет. Ал эми төмөнкүлөрдү жагууга тыюу салынат: таштанды, курулуш материалдарын, тигүү калдыктарын, резина, желим бөтөлкө, жалбырактар жана башка.

Шаар тургундарын экологияга тиешелүү маселелерге өзгөчө көңүл бурууну, тыюу салынган нерселерди өрттөө фактылары боюнча 0990 757 371 (WhatsApp) номерине кайрылууларын өтүнөбүз.