Бүгүн, 25-ноябрда Т.Абдумомунов атындагы театрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда №24 мектеп гимназиясынын 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү.
Муниципалитеттин башчысы №24 мектептин педагогикалык жамаатын кылым карыткан мааракеси менен куттуктап, өлкөнүн келечек муундарын тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө эмгек ардагерлерине жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган көргөзмө уюштурулуп, окуучулар музыкалык номерлер менен концерт тартуулашты.
Мындан тышкары, мэр Айбек Джунушалиев борбор калаадагы мектепке санариптик лабораториянын сертификатын тапшырды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Аалы Токомбаев атындагы №24 мектебинде 134 педагог эмгектенип, 3 998 бала билим алууда.