Борбор калаанын мэриясында мэр Айбек Джунушалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ник Боулер мырза менен жолугушту.

Борбордун мэри  Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Элчилиги менен өз  ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлор, анын ичинде айлана-чөйрөнү жакшыртуу, тыгындарды азайтуу жана борбордо регбини өнүктүрүү жаатында долбоорлор талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдиришти.