2024-жылдын 16–17-ноябрында борбордо балдар, жаштар, эркектер жана аялдар арасында Кунг-фу боюнча Бишкек шаарынын Чемпионаты жана Биринчилиги өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын Кунг-фу федерациясы Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти менен биргеликте уюштурду.
Турнирге 270тен ашык спортчу катышты. Мелдештердин негизги максаты – ден соолукка пайдалуу жашоо образын жайылтуу, Кунг-фуну популярдаштыруу жана Бишкек шаарынын курама командасын түзүү болду.
Мелдештин жыйынтыктары:
Бишкек шаарынын Чемпионаты (чоңдор):
Аялдардын жеке категориясы:
•Айсарова Ясмин – 1-орун
•Петрова Татьяна – 2-орун
•Темиралиева Айгүл – 3-орун
Эркектердин жеке категориясы:
•Кубатбек уулу Адилет – 1-орун
•Садыков Абдумалик – 2-орун
•Ташматов Алмаз – 3-орун
Бишкек шаарынын Биринчилиги (жаштар):
Эркектердин жеке категориясы:
•Рыспаев Данил – 1-орун
•Дүйшөнбиев Нурдан – 2-орун
•Сагыналиев Ислам – 3-орун
Аялдардын жеке категориясы:
•Алмазбекова Акбермет – 1-орун
•Мээримбекова Айназик – 2-орун
•Турарова Талайгүл – 3-орун
Бардык жеңүүчүлөр медалдар, грамота жана кубоктор менен сыйланышты.
Бул мелдештер Бишкекте күрөш искусстволорунун жогорку деңгээлде өнүккөнүн көрсөтүп, келечекте шаарды республикалык жана эл аралык ареналарда тааныта турган таланттуу спортчуларды аныктоого мүмкүнчүлүк берди.