Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Псковская көчөсүндө бир күн мурун уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо иштери башталган жерге (№22 гараж кооперативи) барды.
Шаардык кызматтардын атайын техникалары жеринде иштеп, гараждарды демонтаждоо иштери уланууда. Бүгүнкү күндө 59 объект демонтаждалды.
Муниципалитеттин башчысы үй ээлери менен түшүндүрүү иштерин улантууну, ошондой эле объекттерди бузууда жарандардын ыңгайлуулугун эске алууну тапшырды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 6-ноябрында муниципалдык аймакты өз ыктыяры менен бошотуу боюнча №22 гараждык кооперативдин төрагасы Сапрыкин Сергейдин атына кат жөнөтүлгөн. Ошондой эле бир жумадан кийин, 12-ноябрда 250 гаражга өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөр илинген.
Кечээ, 2024-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы кызматкерлеринин ишине гараж ээлери тоскоолдук кылышкан. Уруксат берилбеген объектилердин ээлери бензин төгүп, ошондой эле «Тазалык» ЖКнын жаңы атайын техникасын бузушкан.
Гараждарды демонтаждоо учурундагы окуянын алкагында “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Бүгүнкү күндө бул аянт 2028-жылдын 16-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясына социалдык, маданий жана коомдук объекттери, бокс аянтчасы жана эки деңгээлдүү унаа токтоочу жайы бар көп функционалдуу спорт комплекси үчүн өткөрүлүп берилген.