Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы түндүк айланма жолдун боюндагы уруксатсыз орнотулган объеттерди демонтаждоо иштерин улантууда.
Ошентип, ЖПКБнын адистери Свердлов акимиатынын өкүлдөрү менен биргеликте Алма-Ата көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейинки объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.
Учурда 22 объект алынды, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, жолдун түштүк тарабындагы уруксаты жок орнотулгандардын ээлери өз ыктыяры менен бузушууда.
Эскерте кетсек, демонтаждоо иштери 2024-жылдын 19-ноябрында башталган. Өз ыктыяры менен демонтаждоо зарылдыгы жөнүндө ээлерине алдын ала эскертилген.
Бул объектилер тиешелүү уруксат кагаздары жок жайгашып, жерди пайдалануу эрежелерин бузууда.
Иштер түндүк айланма жолду пландаштырылган реконструкциялоонун жана кеңейтүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жол жээгиндеги тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө» 2023-жылдын 14-мартындагы № 56 жарлыгын ишке ашыруунун негизинде жүрүп жатат.