Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Псковская көчөсү, 71 дарегиндеги (№22 гараж кооперативи) уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо иштерин баштады.
2024-жылдын 6-ноябрында гараж кооперативинин төрагасы С. Сапрыкинге муниципалдык аймакты өз ыктыяры менен бошотуу жөнүндө кат жөнөтүлгөн. Ошондой эле бир жумадан кийин, 12-ноябрда 250 гаражга өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөр илинген.
Бирок, 22-ноябрда үй ээлери башкармалыктын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин ишине жолтоо болушкан.
Учурда 10 гараж алынып бүттү, айрым гараж ээлери өз ыктыяры менен алууда.
Бүгүнкү күндө жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясына 2028-жылдын 16-февралына чейин социалдык, маданий жана коомдук объектилери, эки деңгээлдүү көп функционалдуу спорт комплекси, унаа токтотуу жайы үчүн өткөрүлүп берилди.