Орто-Сай базарында аймакты көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштерин текшерүү уланууда.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиев, муниципалдык инспекциянын жетекчиси Медербек Амангелдиев, жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Атай Муратбек жана шаардык кызматтардын жетекчилери иштин жүрүшүн көзөмөлдөп жатышат.
Учурда “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы базардын бир нече өтмөгүн реконструкциялоодо. Асфальттоо иштеринин биринчи этабы Жукеев-Пудовкин көчөсү тараптан базардын негизги өтмөгүнөн башталды жана Суеркулов көчөсүнө чейин улантылат. Асфальттоо иштери 50%га бүткөрүлдү, калган бөлүктөрдө жумуштар жүрүп жатат.
Муниципалдык инспекция бир айдан ашык убакыттан бери мыйзамсыз сооданы токтотуп келет. Бошотулган аймактар күнү-түнү көзөмөл аркылуу иретке келтирилип, тазаланган. КР мыйзамдарын аткаруудан баш тарткан адамдарга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, протоколдор түзүлүүдө. Берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде имараттардын фасаддары иретке келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 108 мыйзамсыз курулган объект жоюлду, 7 протокол түзүлүп, 31 объект демонтаждалды, 42 баннер жана 8 капиталдык курулуш алынды.
Мэрдин орун басары Рамиз Алиев "Орто-Сай" базарынын ээлерине кайрылып, базарды өрт коопсуздугу жана техникалык стандарттарга ылайык келтирүү талаптары коюлду. Өзгөчө көңүл санитардык нормаларга бурулду, анткени тамак-аш түйүндөрү тамак-ашты көчөлөрдө, ачык асман алдында даярдап, бул шаар тургундарынын ден соолугуна коркунуч туудурууда. Бул маселе мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көзөмөлүндө болот.
Безымянная көчөсү тараптан көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Бул жай төрт кабаттуу болуп, 265 унаага ылайыкташтырылат. Жогорку кабатта футбол жана баскетбол аянтчалары курулат.
Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жана балдар үчүн балдар аянтчасын куруу каралган.
Ошондой эле мыйзамсыз соода кылган сатуучулар үчүн күркө ачылып, ал жерде муниципалдык кызматтардагы жумуш орундары, иш шарттары жана эмгек акы боюнча маалымат берилет. Бул ишке орношууга жана эмгек рыногуна интеграцияланууга жардам берет.
Эскерте кетсек, кийинки этапта Аламедин базарын иретке келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Бишкек мэриясы шаар тургундары үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүнү улантат.