Бүгүн “Бишкек жылуулук электр борбору” жана “Бишкекжылуулуктармактары” муниципалдык ишканалары аварияга карша күрөшүү боюнча машыгуу өткөрүштү.
⠀
"Бишкек ЖЭБ" ишканасы КР ӨКМ менен биргеликте жасалма өрт менен станциялык аварияга каршы машыгууларды өткөрдү. Машыгууга ылайык, ишкананын тегирмен жабдыктарынан өрт чыккан.
“Бишкекжылуулуктармактары” МИ, 1-ЖЭБдин тосмосун менен Достоевский көчөсүнүн ортосунда көчө бойлой жалпы тармактык авариялык машыгуу өткөрдү.
Бул тилкеде, сценарий боюнча диаметри 1000 мм болгон магистралдык жылуулук тармагынын жарылуусу болгон.
Машыгуунун жүрүшүндө муниципалдык ишканалардын кызматкерлери авариялык кырдаалдарды тез арада жана ыкчам жоюп, иш режимин калыбына келтире алышты.
Мындай машыгууларды өткөрүүнүн максаты, күз-кыш мезгилинде жана өзгөчө кырдаалдарда кызматкерлердин даярдыгын аныктоо болгон.