«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы Ала-Арча дарыясынын нугун механикалык тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Долбоор Семетей көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин ишке ашып, дарыянын Орто-Сай айылдарын аралап өткөн тилкелерин камтыйт.
Аткарылган иштердин жүрүшүндө таштандылар жана камыштар алынып, механикалык тазалоо иштери да аткарылат.
Ишкананын кызматкерлери тарабынан бүгүнкү күндө дарыянын 12 800 погон метр аралыгы тазаланып, мындан тышкары 2000 погон метр жер механикалык каражаттар менен тазаланды.
Ишке 2 экскаватор жана 3 самосвал тартылды.
Белгилей кетсек, дарыяны механикалык тазалоо экосистеманы кыйла жакшыртат жана жаан-чачындуу мезгилде суу ташкындоо коркунучун азайтат.