Борбор калаада №75 орто мектептин базасында "Айтматов ааламы"илимий долбоорлор сынагынын шаардык туру өттү.

Иш-чара "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата даярдыктын алкагында өттү.

Айтматовдун чыгармаларын изилдөөгө жалпы билим берүү мектептеринин 8-11-класстарынын окуучулары катышып, райондук турда I, II орун алгандар катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:
- I орунга №78 орто мектебинин окуучусу Сапарали К. Н. ээ болду.;
- II орунду №81 орто мектебинин окуучусу А. Н. Эсенбаева алды;
- II орунду №66 орто мектебинин окуучусу Шейгенбекова Р. ээледи;
- III орунду №77 орто мектебинин окуучусу А. Эсенбекова алды.

Белгилей кетсек, сынак окуучулардын улуу жазуучунун чыгармаларына болгон кызыгуусун арттырып,  чыгармачыл окуучуларды изилдөө иштерине тартты.