2024-жылдын 13-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы «Газпром – балдарга» ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында 2008–2010-ж.т. жана 2005–2007-ж.т. өспүрүмдөр жана жаштар арасында дзюдо боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Жоомарт Шамканов жана Кыргыз Республикасынын Дзюдо федерациясынын вице-президенти Владимир Ли катышты.
Биринчиликти өткөрүүнүн максаты – Бишкек шаарында дзюдо спорт түрүн жайылтуу жана Бишкек шаарынын курамасын түзүү болду.
Мелдешке 300дөн ашуун спортчу катышып, чеберчилигинин жогорку дэңгээлин көрсөтүштү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын Дзюдо федерациясы уюштурду.
Мелдештин жыйынтыктары:
Өспүрүмдөр арасында:
1-орун — Токторгазиев Эрменхан;
2-орун — Жусупов Ислам;
3-орун — Кушкенов Эрбол;
3-орун — Кубанычбек уулу Нургазы.
Кыздар арасында:
1-орун — Сайдакматова Айдай;
2-орун — Калыева Айдеми;
3-орун — Турдажиева Акмаржан;
3-орун — Хайдарова Бактыгүл.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.