2024-жылдын 9-16-ноябрында Түркиянын Анкара шаарында тогуз коргоол жана мангала оюну боюнча VII Дүйнө Чемпионаты өттү.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Түркия, Украина, Латвия, Өзбекстан, Чехия, АКШ, Румыния, Грузия, Франция, Венгрия жана Испания сыяктуу 14 мамлекеттен 33 спортчу катышты.
Бишкек шаарынан чемпионатка 10 спортчудан турган курама команда катышып, жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшүп, бир нече номинацияда байгелүү орундарды ээлешти.
Бишкектик спортчулардын жыйынтыктары:
Классикалык формат (стандарт):
•Сыргак уулу Сырттан — III орун;
•Дуулатбеков Марлис — III орун;
•Асеева Адина — III орун;
•Жамансартова Азиза — III орун.
Рапид форматы:
•Жамакеев Анарбек — III орун;
•Абдрашитов Белек — III орун;
•Максатбек кызы Айтурган — III орун.
Чемпионат швейцариянын системасы менен өткөрүлүп, мелдеш кызыктуу жана жогорку деңгээлде өттү.
Бул жетишкендиктер Бишкектик спортчулардын даярдык деңгээлинин өсүп жатканын жана тогуз коргоол оюну интеллектуалдык спорттун популярдуу түрү болуп бара жатканын айгинелейт.