Бишкек шаарында унаадан чыккан түтүндүн зыяндуулугу текшерилди. Мындай чара абанын сапатын жакшыртууга багытталган.
Транспорт каражаттарын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте текшерди.
Текшерүү учурунда түтүн өлчөгүч аспап менен эки транспорт каражатынын зыяндуу түтүн деңгээли жогору экени аныкталган. Юридикалык жана бир жеке жактын унаасынын түтүндүн бөлүп чыгуусу белгиленген нормадан ашкан.
Айдоочуларга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 234-беренесине ылайык, жалпы 30 500 сомдук протоколдор түзүлдү.
Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгына карабай, ар бир айдоочу менен жолго чыгардын алдында унааны текшерүү жана бузулган учурда өз убагында оңдоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, техникалык жактан жараксыз унаалар зыяндуу газдарды көбүрөөк бөлүп чыгарат. Мындай учурларда, айдоочулар техникалык кароодон өтүшү керек.