Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын ар кандай маселелерин чечүүдө шаардыктардын пикирин жогору баалайт.

Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда Ажыбек Баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы бак-дарактарды чынар же жалбырактуу клен менен алмаштыруу маселеси турат.

Белгилеп кетсек, аталган аймакка бак-дарактар 1972-1975-жылдары отургузулган (бул теректердин жашы орто эсеп менен 50 жаш). Теректердин жашы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Токой изилдөө илимий-өндүрүштүк борбору тарабынан да тастыкталган (айрым дарактардан бургу менен алынган үлгүлөр 50 жана андан ашык жашты көрсөткөн).

Бүгүнкү күндө көптөгөн дарактардын сабагы чирип, зыянкечтерден жабыркап, оорунун белгилери байкалат. Көпчүлүк бак-дарактардын үстү куурап, жолдун четине да, аллеяга да эңкейиш болуп, жол кыймылынын бардык катышуучуларына коркунуч туудурат.

Шаардагы бак-дарактардын көбү 1960-70-жылдары отургузулган. Бак-дарактардын айрымдары 80-90 жыл. Жашыл көчөттөрү сактоо мөөнөтү жана нормалары бар. Мисалы, теректин мөөнөтү 40-45 жыл (негизги жашыл чарба объектилеринин орточо стандарттык кызмат мөөнөтү (СССР Борбордук Статистика Башкармалыгы, СССРдин Финансы министрлиги,  Мамлекеттик пландоо комитети, Мамлекеттик курулуш комитети 1972-жылы бекиткен).

Урматтуу жарандар! Сиздерди бак-дарактарды тандоого толук катышууга чакырабыз.  Эски бактардын ордуна чынар  же жалбырактуу клен отургузуу  сунушталууда.
Бул маселеде Бишкек шаарынын мэриясы жарандардын пикирин сөзсүз эске алат.

Кошумчалай кетсек, борбор калаанын мэриясы өндүрүүчүлөргө бийиктиги 3-5 метр болгон көчөттөр менен камсыздоого катышуу үчүн Ташкент көчөсү, 17 дареги боюнча “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасына арыздарды калтыруу зарылдыгын билдирет.

Сурамжылоого шилтеме: https://www.instagram.com/p/DCluh4ooZbX/?utm_source=ig_web_copy_link

Клен остролистный

Платан