Кызматкерлердин потенциалын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында Бишкек шаарынын мэриясында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директору Ибраимов Койчугул Касмалиевич жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Ротация жолу менен Уран Мирбекович Мусаев Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директору болуп дайындалды, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору болуп иштеген.
Ротация тартиби менен Койчукеева Алия Садырбековна Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Бишкек шаарынын мэриясынын кадрдык резервинен Шеримбеков Бакыт Кемелканович Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору болуп дайындалды.
Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын кадрдык резервинен Арсен Эмилевич Кыдыралиев Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директорунун жаңы орун басары болуп дайындалды.
Билимбек уулу Адилет Бишкек аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды, буга чейин ал «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеген.
Абылбеков Адилет Турдубекович “Бишкек жашыл курулуш” ишканасынын жаңы директору болуп дайындалды, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдук иштер бөлүмүнүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору болуп эмгектенген.
Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.
Мусаев Уран Мирбекович
Койчукеева Алия Садырбековна
Шеримбеков Бакыт Кемелканович
Кыдыралиев Арсен Эмилевич
Билимбек уулу Адилет
Абылбеков Адилет Турдубекович