Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Гванджэ мырза менен жолугушту.
Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси сылык иш сапары менен келди.
Борбор калаанын башчысы Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ошондой эле Корея Республикасынын "KOICA" эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясына көрсөткөн финансылык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле айлана-чөйрөнү жакшыртуу жаатындагы мүмкүн болгон долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын достук паркын жакшыртуу маселеси көтөрүлдү.
Өз кезегинде А.Джунушалиев борбор калаанын жашыл фондун көбөйтүү боюнча аткарылган иштерге токтолуп, Бишкек шаарынын мэриясы мындан аркы эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө кореялык тарап менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар Бишкек шаарынын мэриясы менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин мындан аркы кызматташтыгына ишенимин билдиришти.