Бишкек шаарында, 2024-жылдын 21-ноябрында саат 12:00дө Гапар Айтиев музейинде Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий алмашуунун алкагында уюштурулган “Софиянын параллелдери” аттуу уникалдуу эл аралык көргөзмө өтөт.

Көргөзмөгө фонография тармагында адис, дүйнөлүк мода үйлөрү менен иштешкен белгилүү италиялык фотограф София Лавровдун эмгектери коюлат.

Лавров  «Elle sposa», «Whiye magsazine»  журналы сыяктуу эл аралык басылмалар менен да кызматташат.

12 жылдык тажрыйбасы бар фотограф София Лавров Кыргызстанда биринчи жолу жеке көргөзмөсүн тартуулайт. Көргөзмөдө Турин менен Бишкектин маданий параллелдерин чагылдырган бир катар фотосүрөттөр коюлат. Жалпысынан көрүүчүлөргө эки шаардын архитектурасын, көчөлөрүн жана жашоочуларын  салыштырууга мүмкүндүк берген 60ка жакын фотосүрөт тартууланат. Эмгектердин арасында Турин шаарынын мэриясынын жана Бишкек мэриясынын сүрөттөрү, ошондой эле башка көрүнүктүү жерлер жана архитектуралык объекттер бар.

Бул Кыргызстан менен Италиянын маданий кызматташтыгынын алкагында уюштурулган экинчи долбоор. Биринчи долбоор ушул жылдын июль айында ишке ашырылып, Луиза Пилионинин аялдардын ички дүйнөсүн чагылдырган арт-сүрөт көргөзмөсү болгон.

Маалымат: 2033 жылдык тарыхы бар Турин шаары бир кезде Италиянын борбору болгон жана Бишкек менен көп окшоштуктары бар, анын ичинде калкы миллиондон ашат.