Бишкек шаарынын  мэриясында мэр Айбек Джунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Озхан Хусейн жетектеген делегациясын кабыл алды.

“Бишкек автобустары, Транш II” долбоорунун абалы жана жылуулук менен камсыздоо боюнча потенциалдуу долбоорлор талкууланды.

"Бишкек автобустары, Транш  II" долбоорунун максаты: кысылган жаратылыш газы- күйүүчү май менен иштеген автобустарды сатып алуу, автобазаны калыбына келтирүү жана жабдууларды сатып алуу. Долбоор Бишкек шаарын жаңыланган автобус паркы менен камсыздайт, ал коомдук транспорттун транспорттук кызматтарынын ишенимдүүлүгүн жана сапатын жакшыртат, бул өз кезегинде абанын сапатына таасирин тийгизет жана парник газдарынын чыгарылышын азайтат.

Жылуулук менен камсыздоо долбоору ошондой эле отундун альтернативдик түрүнө өткөрүү менен көмүр отканаларын реконструкциялоо жана модернизациялоону жана «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын балансында турган иштеп жаткан тармактарды реконструкциялоо долбоорун  карайт.

Айбек Джунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар потенциалдуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга үмүт артышты.