Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спартакиада өтүүдө.
Спартакиаданын программасына шахмат, шашки, волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер киргизилген.
Иш-чарага №22, №34, №30 атайын мектеп-интернаттарынын, дүлөй балдар үчүн №25 республикалык мектеп-интернатынын, азиз жана начар көргөн балдар үчүн №21 атайын орто мектеп-интернатынын, кеч укпай калган жана начар угуу менен жабыркаган балдар үчүн мектеп-интернатынын, теннис, паралимпиадалык жана күч түрүндөгү спорт боюнча Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучулары, ошондой эле «Үмүт», «Аяр», «Манас» реабилитациялык борборлорунун жана Бишкек шаарынын башка уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.
Спартакиаданы өткөрүүнүн негизги максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү жана спорттук жана маданий турмушта толук кандуу катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу болуп саналат.
Мелдештердин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнүнө арналган шаардык фестивалда медалдар, дипломдор жана эстелик белектери менен сыйланышат.