Бишкек шаарында таштандыларды уруксатсыз жерлерге таштоого жол бербөө, ошондой эле шаардын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иштер улантылууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузган төмөнкү жарандарды жоопкерчиликке тартты:

Ж.у.Э. аттуу жеке адам курулуш иштерин жүргүзүп жатып, «Тазалык» МИнин балансында турган таштанды челегин өз аймагына жылдырып, жеке максаттарда колдонгон. Тиричилик таштандыларына арналган контейнерге курулуш таштандыларын таштаганы үчүн   Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 7 500 сом айып пул салынган.

Курманжан Датка көчөсү, 201 дареги боюнча уруксатсыз жерге тиричилик таштандылары ташталган. Көрктөндүрүү эрежесин бузган адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ошол жерде 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 5 500 сом айып пул салынган.

Ош базарынын сатуучусу Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн четине таштанды таштаган. Ал дагы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар  жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жоопкерчиликке тартылган.

Урматтуу шаар тургундары, таштандыларды атайын таштанды челектерине гана таштаңыздар! Эскерте кетели, бул челектер ТИРИЧИЛИК таштандылары үчүн гана!

Көрктөндүрүү эрежелери баары үчүн бирдей!