Эл аралык майыптар күнүн утурлай “Аяр” ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын реабилитациялык борборунда “Күн бардыгына бирдей тиет” көркөм-прикладдык искусство фестивалынын тандоо туру өттү.
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген 12 уюм катышты.
Фестиваль ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын чыгармачылык дараметин ачуу, аларды элдик, эстрадалык жана прикладдык искусствого тартуу максатында өткөрүлүүдө. Бул иш-чара катышуучуларга жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө гана эмес, коом тарабынан таанылууга жана колдоо табууга жардам берет.
Сынактын жыйынтыгы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө арналган гала-концертте чыгарылат.