Бишкектин райондорунда Балдар иштери боюнча комиссиянын  кезектеги жыйындары өттү.

Алсак, Биринчи Май районунда 26 материал  күн тартибине коюлуп, каралды.

Комиссия балдардын арасындагы укук бузууларга, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүүгө, балдарды үй-бүлөсүнө кайтарууга байланышкан материалдарды карап чыгып, жеринде тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Октябрь районунда 10 материал каралды. 2024-жылдын 10 айында эле 21 жыйын өткөрүлүп, анда 232 материал каралган.

Белгилей кетсек, бул комиссиянын негизги милдети кылмыштуулуктун, селсаяктыктын алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү болуп саналат.