Бишкек шаарында эки троллейбус ДЕПОсуна электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Ошентип, учурда Москва, 237 жана Шабдан Баатыр көчөсү, 14 дарегиндеги автопарктарда казуу (жер казуу), ошондой эле демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, реконструкциялоо иштери Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүүдө.
Биринчи этапта 120 электр автобустарын жана кубаттагычтарды алып келүү пландаштырылса, экинчи этапта эки базаны толук реконструкциялоо каралган.
Буга байланыштуу эки ДЕПОдо жайгашкан троллейбустар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын аймагына убактылуу ташылып келүүдө.
Эске сала кетсек, борбор калаада троллейбус каттамдары токтотулган. Бишкек шаарынын мэриясы аларды региондорго өткөрүүнү пландоодо.