Бүгүн, 2024-жылдын 17-ноябрында Биринчи Май районунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү 57 участкалык шайлоо комиссиясы жана 1 аралыктан участкалык комиссия иштеп жатат.

Салтка ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары биринчи жолу жарандык милдетин аткарып, жашы жеткен шайлоочуларга эстелик белектерин тапшырышты.

Урматтуу жарандар! Эгер сиз бойго жеткен болсоңуз жана буга чейин добуш бере элек болсоңуз, бул күн сиз үчүн өзгөчө маанилүү.

Бүгүн биринчи жолу атуулдук милдетин аткарып жаткандарга кошулуп, шайлоодо өз тандооңузду  жасоого чакырабыз.