Калаа башчысы Айбек Джунушалиев жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоосуна катышып, борбордун #1221 шайлоо участкасынан добуш берди.
Добуш берүү күнүндө Бишкекте 268 шайлоо участкасы иштейт. Алардын баары шайлоо бюллетендери үчүн автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, операторлор жаңыланган жабдуулар менен иштөөгө окутулган.
Бишкек – аралыктан добуш берүүгө арыздардын кыйла көп саны – дээрлик 5 миң арыз катталган шаар. Добуш берүү күнүндө аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген шайлоочулар үчүн төмөнкү даректер боюнча 4 шайлоо участкасы ачылат:
Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көчөсү, 547);
Октябрь райондук мамлекеттик администрацисынын имараты (Байтик Баатыр көчөсү, 17);
К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана (А.Огонбаев көчөсү, 242);
А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көчөсү, 167).
Ошондой эле 16 жана 18-ноябрда УШК жайгашкан балдар бакчаларында жана мектептерде санитардык тазалоо жумуштарын жүргүзүү үчүн окуу сабактары онлайн форматта өтөт.