Бүгүн, 2024-жылдын 15-ноябрында, Бишкек шаарында туризм тармагындагы жетишкендиктердин жыйынтыгы жана бул маанилүү тармакты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланган конференция өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Туризм департаменти уюштурду.
Конференцияны Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Жоомарт Шамканов ачты.
Иш-чарага туризм тармагы менен байланышкан ар кандай уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Бул иш-чара туризмди өнүктүрүүнүн стратегияларын иштеп чыгуу жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Туристтик агымды көбөйтүү жана Бишкекти Борбордук Азиянын алдыңкы туристтик борборлорунун бири катары бекемдөө үчүн негизги сунуштар жана демилгелер көтөрүлдү.
Иш-чаранын катышуучулары туризмди ийгиликтүү өнүктүрүү мамлекеттик түзүмдөрдүн, бизнес чөйрөсүнүн жана коомчулуктун биргелешкен аракеттери аркылуу гана мүмкүн экенин баса белгилешти.