Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы экологияны сактоо максатында таштандыларды, жалбырактарды жана башка калдыктарды өрттөөгө жол бербөө үчүн тынымсыз көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.
Шаар тургундары менен таштандыларды, синтетикалык материалдарды жана жалбырактарды өрттөөнүн зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бишкектиктерге айып пулдар тууралуу эскертилген.
Ошол эле учурда муниципалдык инспекция Экотехкөзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыктары менен биргеликте шаардын мончолорун текшерип, экологияны бузган адамдарды аныктоодо.
Белгилей кетсек, быйылкы жылдын 11 айында шаар тургундары таштандыларды, синтетикалык материалдарды жана башка нерселерди өрттөп, 222 эреже бузуу фактысы катталган.
Эреже бузуулар боюнча анти-рейтингде Ленин району биринчи орунда турат: анын тургундарына 743 000 сомдук 66 протокол түзүлгөн.
Октябрь районунда 761 500 сомдук 54 протокол, Биринчи Май районунда 476 500 сомдук 47 протокол, ал эми Свердлов районунда 660 500 сомдук 55 эреже бузуу катталган.
Урматтуу шаар тургундары жана уюмдар! Тыюу салынган материалдарды отун катары же башка максатта колдонбоону суранабыз.
Эгер сиз экологиялык эреже бузууга күбө болсоңуз, фото же видео далилдер менен муниципалдык инспекциянын 0990 757 371 WhatsApp номерине кайрылсаңыз болот.