Бишкек шаарынын акимчиликтеринде балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйындары өттү.
Алсак, Ленин району боюнча комиссия балдарды мектептерге жайгаштыруу жана которуу, жашы жете электердин келечектеги турмушун аныктоо, баланы коргоонун жеке планын бекиүү боюнча 23 материалды карап чыкты.
Бүгүнкү күндө 38 жыйын өткөрүлүп, 941 материал каралган.
Свердлов районунда Балдардын иштери боюнча комиссиянын көчмө жыйыны өттү.
Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн, райондук билим берүү борборунун адистери, Свердлов райондук администрациясынын бөлүм башчысы, ошондой эле комиссиянын курамына кирген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Комиссия балдарды убактылуу реабилитациялык борборлорго жайгаштыруу, мектепке жайгаштыруу, балдар арасындагы укук бузуулар, балдарды үй-бүлөсүнө бириктирүү боюнча 36 материалды карап чыкты.
Бардык материалдардын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүүнүн пландары жана балдарды коргоо боюнча жеке пландар бекитилди.
Белгилей кетсек, комиссиянын негизги максаты балдарды ар тараптуу колдоо жана коргоо болуп саналат. Биргелешкен аракеттер балдардын жана өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө, ошондой эле үй-бүлөлөр менен профилактикалык иштерди жүргүзүүгө багытталган.