"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Биринчи май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунда тышкы жарыктандыруу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө. Жарык конструкциялары биринчи жолу мурда жарыктандырылбаган Мурас-Ордо, Арча-Бешик конуштарынын жана Чыгыш, Көк-Жар айылдарынын көчөлөрүнө орнотулат.
Жумуштун көптүгүнөн улам ондоо иштери бир топ убакытты талап кылат жана адистер түркүктөрдү, чырактарды орнотуп, кабелдерди тартып, жашоочулардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылышат.
Бул долбоор коопсуз чөйрөнү түзүүгө жана жашоонун сапатын жакшыртууга багытталган.
Белгилей кетсек, муниципалдык ишкана тарабынан ар жума сайын 1 көчөнү жарыктандыруу пландаштырылган.
"Бишкекжарык" МИ жашоочуларга чыдамкайлыгы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет жана жарыктандыруунун жаңы системалары коопсуздукту жогорулатууга жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө түзөрүн эскертет.
Эгерде сиздин көчөңүздө караңгы болуп калса, 46-30-89 номерине чалып же +996 777 902 115 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз болот.
Күн сайын "Бишкекжарык" ишканасынын электр куроочулары табыштамалар боюнча чыгып, туруктуу жана сапаттуу жарык берүү үчүн шаар боюнча чырактарды оңдоп, модернизациялоо иштерин жүргүзүшөт.