Бишкек шаарынын мэриясы Ч.Айтматов проспектисинин Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү бактарды алмаштыруу маселесин шаардыктардын талкуусуна алып чыгууда.
Ошондой эле, бул теманын маанилүүлүгүн эске алып, Бишкек мэриясы мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда пресс-тур уюштуруп, анда журналисттерге бул чараларды көрүүнүн себептери айтылды.
Биринчи этапта 160 түп бакты алмаштыруу пландалууда (Ажыбек Баатыр көчөсүнөн Адинай паркына чейин).
Шаардагы бак-дарактардын көбү 1960-70-жылдары отургузулган. Бак-дарактардын айрымдары 80-90 жыл. Жашыл көчөттөрү сактоо мөөнөтү жана нормалары бар. Мисалы, теректин мөөнөтү 40-45 жыл (негизги жашыл чарба объектилеринин орточо стандарттык кызмат мөөнөтү (СССР Борбордук Статистика Башкармалыгы, СССРдин Финансы министрлиги, Мамлекеттик пландоо комитети, Мамлекеттик курулуш комитети 1972-жылы бекиткен).
Ч.Айтматов проспектисиндеги бак-дарактар 1972-1975-жылдары тигилген (бул теректердин орточо жашы 50 жыл). Теректердин жашы КР УИАнын токойлорду изилдөө илимий-өндүрүштүк борбору тарабынан да тастыкталат (айрым бак-дарактардан алынган үлгүлөр 50 жаштан жогору экендигин көрсөткөн).
Бүгүнкү күндө көптөгөн дарактардын сабагы чирип, зыянкечтерден жабыркап, оорунун белгилери байкалат. Көпчүлүк бак-дарактардын үстү куурап, жолдун четине да, аллеяга да эңкейиш болуп, жол кыймылынын бардык катышуучуларына коркунуч туудурат.
Бул маселени кароонун алкагында мэрия Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын, П.А. Ган атындагы Токойлорду изилдөө Илимий-өндүрүштүк борборунун адистерине климаттык шарттарды жана шаардын экологиясына тийгизген таасирин эске алуу менен теректи алмаштыруунун максатка ылайыктуулугу боюнча эксперттик корутунду берүү өтүнүчү менен кайрылган. Алынган эксперттик корутундулар теректерди аймактын климатка ылайыкташтырылган дарак түрлөрүнө алмаштыруу зарылдыгын тастыктайт.
Маселен, П.А. Ган атындагы Токойлорду изилдөө Илимий-өндүрүштүк борбору ак терек, липа, клен, каштан, акация жана псевдоакация отургузууну сунуштайт.
Ошону менен бирге газондорду жана ирригациялык системаларды жаңылоо пландалууда.
«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан «Ч.Айтматов проспектисин Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин жашылдандыруу» долбоору иштелип чыгып, анын ичинде веложол уюштуруу белгиленген. Отургузула турган көчөттөрдүн бийиктиги 3 метрден 5 метрге чейин болот.
Мындан тышкары кыйылган бактарды аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратуу пландалууда.