Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан Ч.Айтматов жана Ы. Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкеси аукционго коюлду.
Жер тилкесинин жалпы аянты 0,3909 га, 5 жылдык мөөнөткө көп кабаттуу үйдү долбоорлоо жана куруу үчүн ижарага берилет.
Бир жылдык баштапкы ижара акысы жылына 2 500 000,00 (эки миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленет.
Кепилдик төлөм баштапкы ижара акысынын 50% өлчөмүндө төлөнөт.
Аукциондун кадамынын өлчөмү колдонуудагы эрежелерге ылайык жер участогунун баштапкы наркынын 20% өлчөмүндө белгиленет.
Мындан тышкары, долбоорду ишке ашырууда курулган аянттын 10% муниципалдык менчикке милдеттүү түрдө өткөрүлүп берилет, ошондой эле көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилгенден кийин жер тилкеси менчикке сатылып алынганга чейин турак жайдын 10% күрөөгө берилет.