Күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады.
Октябрь районунда 12-кичирайондо, А. Токомбаев көчөсү 1а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкталган. Учурда баш калкалоочу жайда оңдоо иштери жүргүзүлүп, төшөнчү жана дары-дармектер сатып алынып, бир жолку ысык тамак берүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар ишке ашырылган. Жылытуу мезгили үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 тонна көмүр сатылып алынган.
Свердлов районунун аймагында Фере көчөсү, 34а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 40 адамга ылайыкталган. Учурда имаратка косметикалык оңдоо жүргүзүлүп, дары-дармектер, төшөнчү жабдыктар алынып, бир жолку ысык тамак берүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар өткөрүлгөн. Жылытуу мезгили үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8 тонна көмүр сатылып алынган.
Туруктуу негизде Биринчи Май районунун аймагында «Коломто» муниципалдык мекемеси иштеп жатат, ал туруктуу жашаган жери жок 70 адамга ылайыкталган (дареги: Жибек-Жолу проспекти, 413). Бул жерде күн сайын 70тен 100гө чейин үй-жайсыз адамдарга бир жолку тамак-аш берилет жана түнөп кетүүгө болот. «Коломто» муниципалдык мекемеси жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
«Коломто» муниципалдык мекемесинин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
убактылуу түнөп кетүү, бир адамга күнүнө 70 сом өлчөмүндө акысыз бир жолку тамак-аш менен камсыздоо;
медициналык кароодон өткөрүү (флюорография, канды РВ жана ВИЧке текшерүү) жана баштапкы санитардык иш-чараларды жүргүзүү (жуунтуу, жараларды дарылоо, кийимдерди алмаштыруу ж.б.);
үй-жайсыз адамдарды гуманитардык кийим-кечек менен камсыздоо;
улгайган курактагы үй-жайсыз адамдарды интернат тибиндеги мекемелерге жайгаштырууга көмөктөшүү.
Бул мекеме жыл сайын турак жайы жок 2000 адамга кызмат көрсөтөт.
Белгилей кетсек, бул баш калкалоочу жайларга үй-жайсыз адамдар өздөрү кайрыла алышат, ошондой эле аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы алып келишет. Эгерде жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция) же 103 (тез жардам) номерлерине чалуу керек.