Свердлов районунда көчө соодасын тартипке келтирүүнүн алкагында көмүр сатуучу жайларга рейд өткөрүлдү.
Свердлов акимиатынын кызматкерлери, муниципалдык инспекция, МККБ, МАБ менен биргеликте Курманалиев көчөсүнөн «Дордой-2» конушуна чейинки айланма жолдун боюндагы пункттарды текшеришти.
Жыйынтыгында муниципалдык инспекция тарабынан 30 миң 500 сомдук 4 протокол түзүлүп, МККБ тарабынан 3 протоколго 9 миң сом, жалпысынан 39,5 миң сом айып салынган.
Бул багыттагы иштер улантылууда.