Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев, муниципалдык инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиев, жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Атай Муратбек жана шаардык кызматтардын жетекчилери Орто-Сай базарынын аймагындагы учурдагы абал менен таанышты.
Базар аймагында башаламан сооданы жоюу иштери жүрүп жатат. Муниципалдык инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиевдин маалыматына ылайык, учурда уруксатсыз уюштурулган 386 соода жайы алынды. Эреже бузган соодагерлерге КР "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлүүдө. Инспекторлор күн сайын көзөмөл жүргүзүп турушат.
Аймакты көрктөндүрүү боюнча иштердин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы өз алдынча курулган курулуштарды, күркөлөрдү, жарнамалык такталарды жана тосмолорду алууда. Кошумча түрдө унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана кабелдерди талаптагыдай абалга келтирүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле базардын аймагындагы жарнамалык такталардын сырткы көрүнүшү бирдей таризге келтирилет.
Орто-Сай базарынын ээлери менен жолугушуу болуп, өрт коопсуздугу, техникалык коопсуздук жана санитардык нормаларга ылайык аймакты жакшыртуу боюнча иш-чаралар талкууланды. Ар бир ишкерге көрсөтүлгөн талаптарды сактоо боюнча эскертмелер документ түрүндө берилет. Болбосо, КР мыйзамдарына ылайык мажбурлоо чаралары көрүлөт.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде, базардын аймагында асфальттоо жана суу топтолуусун алдын алуу үчүн дренаждык системаны тазалоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле 50 унаа бата турган акысыз унаа токтотуу жайын куруу пландалууда. Ал эми Жукеев-Пудовкин көчөсү тарабында базарга келгендердин ыңгайлуулугу үчүн көп кабаттуу токтотмо жай курулат.
ллл